Google Tone'ду кантип колдоном?

URL'ди Google Tone аркылуу жайылтуу үчүн:

  • Google каттоо эсебиңизге кириңиз.
  • Жайылтыла турган веб-баракчадан Chrome серепчиңиздеги Google Tone сөлөкөтүн чыкылдатыңыз.

Эмне үчүн Google Tone?

Google Tone компьютерлерге адамдар сыяктуу – бири-бири менен сүйлөшүп, байланышууга жардам берет. Бул серепчи кеңейтүүсү аркылуу Chrome компьютериңиздин катуу сүйлөгүчүн пайдаланып, башка компьютерлердин микрофондору URL катары тааный ала турган өзгөчө үн колтамгасын жаратат.

Google Tone кантип иштейт?

Google Tone компьютериңиздин микрофонун күйгүзөт (кеңейтүү күйүк учурда). Google Tone Google’дун серверлеринде URL'ди убактылуу сактап, аны Интернетке туташып турган жакын арадагы компьютерлерге жөнөтүү үчүн компьютериңиздин катуу сүйлөгүчү менен микрофонун пайдаланат. Google Tone кеңейтүүсү орнотулуп, иштеп турган бардык компьютерлер кулак уккудай аралыктан Google Tone эскертмесин ала алат. Эскертмеде URL менен кошо Google Профилиңиздеги атыңыз менен сүрөтүңүз көрсөтүлөт.

Google Tone менен URL алуу үчүн, Chrome микрофонуңузду күйгүзүшү керек. Google Tone ызы-чуулуу жерлерде, алыс аралыкта, Интернет туташуусу начар болгондо, ошондой эле микрофону жок же микрофону Google Tone жайылткан добушту аныктай албаган компьютерлерде иштебейт.

Google Tone дайындарымды кантип колдонот?

Google Tone купуя колдонуу дайындарын Google’дун Купуялык саясатына ылайык чогултат.

Аны кантип күйгүзүп же өчүрөм?

Google Tone'ду (анын ичинде микрофонду) күйгүзүп же өчүрүү үчүн, Chrome кеңейтүүсүнүн жөндөөлөрүнө өтүңүз.

Бул коопсуз элеби?

Google Tone URL'дерди гана жайылтат, андыктан алуучулар адатта кире албай турган беттерге автоматтык түрдө кирүү мүмкүнчүлүгүн алышпайт. Мисалы, эгер Gmail кат куржунуңуздун URL'ин жайылтсаңыз, Google Tone эскертмесин чыкылдаткан алуучуларга өз Gmail эсебине кирүүсү суралат. Ошентсе да, жасалгасы боюнча Google Tone жайылтуулары жалпыга ачык, андыктан аны купуя маалымат алмашуу үчүн колдонбой эле койгон жакшы.